«Дордой моторстун» соодагерлери кечээ митингден кийин милицияга чакырылды

«Дордой моторстун» соодагерлери кечээ митингден кийин милицияга чакырылды

«Дордой моторс» базарынын соодагерлери кечээ митингден кийин милицияга чакырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  базардын ишкерлери билдиришти.

Алардын маалыматында, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев менен жолугушуудан кийин милицияга барышкан.

«Митингде 11 адамды мэр менен жолугушууга жөнөтүшкөн. Ал жактан биздин тизме милицияга кеткен экен, барып суроолоруна жооп бердик. Акырында түшүнүк кат жазып чыктык», — дейт соодагерлер.

Бүгүн «Дордой моторстун» соодагерлери Максим Горький паркында кайра митинг өткөрүп жатат.

Белгилей кетсек, «Дордой» базарында өткөн митингден кийин дагы бир нече ишкер милицияга чакырылып, бирөөсү кармалганын кабарланган.

Өткөн жумадан бери Бишкекте жана аймактарда митингдер өтүп жатат. «Кара-Суу» жана «Дордой» базарынын соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылса, башка ишкерлер контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылык билдирүүдө.

Бүгүн «Берекет гранд», «Берекет универсал», «Беш-Сары» жана «Ош базары» соода түйүндөрүнүн митинги өтүп жатат.

Акылбек Жапаров саат 15.00дө ишкерлер менен жолугарын айтты.

Жапаров митингге чыккан соодагерлер менен жолугат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>