«Дордойдогу» митингде Жапаровдун жардамчысына кол көтөргөн делип 1 жаран кармалды (видео)

«Дордойдогу» митингде Жапаровдун жардамчысына кол көтөргөн делип 1 жаран кармалды (видео)

Бишкектеги «Дордой» базарында 30-ноябрда болгон соодаргерлердин митингинен кийин бейбаштык кылууга шектелип 1 жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Инстаграмдагы» BespredelKG баракчасына соодагерлердин митинги учурунда белгисиз жаран бир адамга кол көтөрүп, урганы тартылган видео чыккан. Милиция сөз кылып жаткан видеодо, алдын ала маалымат боюнча, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жардамчысымын деген Урмат Токтомужаевге бир адам 1-2 жолу кол шилтеп, урганы тартылып калган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция аталган окуяга байланыштуу бир жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алган.

Эскерте кетсек, 30-ноябрда «Дордой» базарында соодагерлер ККМге каршы митингге чыгышкан. Алар соода үчүн патентти калтырууну талап кылышкан. Жерине Акылбек Жапаровдун жардамчысы Урмат Токтомужаев барган.

Акция учурунда «Жапаровдун жардамчысы соодагерлердин бирин коркутуп жатат» деген сөздөр айтылып, чыр чыккан. Ошол учурда белгисиз адам Токтомужаевге кол көтөргөн.

Чыр басыла түшкөндөн кийин бир соодагер сөз алып, Акылбек Жапаровдун жардамчысы соодагердин буга чейинки айткандары үчүн «эмне мынтип сүйлөйсүң? Кайсы өтмөктө соода кыласың? Эртең көрөбүз, сүйлөшөбүз» деп айтканын билдирген.

Митингде ишкерлер менен Жапаровдун жардамчысынын ортосунда чыр чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>