Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
“Дос Кредо” банкынын филиалынан өрт чыкты
02.02.2022 | 12:44
Бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Дос Кредо” банктын кеңсесинен өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:27де чектөөгө алып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлдү.
Жалпысынан имараттын ичидеги 2 чарчы метр жана бир пластик терезе күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар