Дыйкандарга дизель майынын талондору 65 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик белгилегендей, алар Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргеликте күзгү айдап-себүү жана оруп-жыюу иштери үчүн дыйкандарга дизель майынын талондорун 65 сомдон сатууда.
Учурда дээрлик 2 млн 975 миң литр май бар.
Арзан баадагы дизель майын алуу үчүн министрликтин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылуу керек.