Дастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБоливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылды
Акылбек Жапаров жыл сайын 100дөн өнөр жай объект ишке берилерин билдирди
24.10.2024 | 17:47
Мындан ары биз жыл сайын 100 өнөр жай объектисин ишке берип турабыз. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Экономика министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы өлкөнүн тышкы соода-сатыгы дээрлик 5,4 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн.
“Биз өзүбүздүн ишибизди ушундай түзө алдык, өткөн жылы өлкөнүн ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл ИДПнын көрсөткүчтөрү 1,5 триллион сомго жетет. 3 жылдын ичинде биз өлкөнүн бюджетин 3 эсеге көбөйтө алдык”, – деди ал.
Ал 2030-жылга чейин Кыргызстандын ИДПсы 30 млрд долларга жетиши керектигин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом