Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн Токтомамбетов баштаган үч балбан күрөшөт
25.10.2024 | 09:00
Албанияда 23 жашка чейинки (U-23) балбан арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда.
Бүгүн, 25-октябрда дүйнө чемпионатынын бешинчи күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар башталып, спортчулар 61, 74, 86, 92 жана 125 кг салмактарда күч сынашат.
Кыргызстандык балбандардан бүгүн Юхан Доктурбек уулу (61 кг), Орозобек Токтомамбетов (74 кг) жана Бекзат Рахимов (86 кг) килемге чыгат.
Ушул эле мелдеште грек-рим балбандарынан Раззак Бейшекеев алтын жана Асан Жанышов коло байге утту.
Дүйнө биринчилиги 21-октябрда башталган, 27-октябрда жыйынтыкталат.