КМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды20-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтКыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалды
Асан Жанышов дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту
24.10.2024 | 09:00
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Асан Жанышов Албанияда өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло тагынды.
23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы дүйнө биринчилиги Албанияда өтүүдө.
Жанышов 87 кг салмакта күч сынашып, мелдештин жарым финалына чейин жеткен. Бирок атаандашына жеңилип, үчүнчү орун үчүн күрөшө турган болгон.
Коло үчүн кармашта Жанышов америкалык Жон Жейкобсон менен кез келип, аны беттештин биринчи бөлүгүндө эле 9:0 эсебинде жеңди.
Асан Жанышовдун коло байгеси Кыргызстандын бул дүйнө чемпионатындагы экинчи медалы болду. Буга чейин ушул эле мелдеште Раззак Бейшекеев алтын утуп, дүйнө чемпиону атанган.
https://reporter.kg/balban-razzak-bejshekeev-dyjno-chempionu-boldu/