Дүйнө Россия, АКШ жана Кытай болуп бөлүнсө Борбор Азия кимге кошулат?

Дүйнө Россия, АКШ жана Кытай болуп бөлүнсө Борбор Азия кимге кошулат?

Дүйнөнүн динамикалуу өзгөрүп жатканы жана геосаясий туруксуздук мезгили орун алып, аалам активдүү геосаясий трансформация жолунда турат. Экинчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында түзүлгөн дүйнөлүк тартип түп-тамырынан өзгөрүп, жүздөгөн жылга чукул убакыттан бери көндүм адатка айланган көндүм тартип, эрежелердин өзгөрүшүнө глобалдык жана аймактык көйгөйлөр себеп болууда.

Буга ачык мисалдар катары АКШнын азыркы администрациясынын дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жаңы тарифтерди киргизүү боюнча аракеттери жана Россия-Украина мамилеси.

Серепчилер дүйнө жаңы геосаясий доордун босогосунда турганын тастыктоо менен айтып, анда негизги оюнчулар АКШ, Кытай жана, балким,Россия да болорун болжолдошот. Глобалдык коогалаңдуу кырдаалда ишенимдүү өнөктөштөрдүн болушу маанилүү. Бирок дал ошол ишенимдүү өнөктөш өлкөлөр деп кимди көрсөтө алабыз? Дүйнөлүк саясатка саресеп салып, таразага салып көрсөк, дүйнөдөгү үч ири державалар Россия, Америка жана Кытайдын ортосунда дүйнө өлкөлөрү ич ара бөлүнүшү мүмкүн экенин байкоого болот.

Newsweek журналы үч ири держава: Россия, Америка Кошмо Штаттары жана Кытайдын ортосундагы өлкөлөрдүн бөлүнүшү мүмкүн экенин көрсөткөн дүйнөлүк картаны жарыялады.

Ага ылайык, Европа, анын ичинде Түркия жана Закавказье Россиянын таасир зонасына кирип калышы мүмкүн. Кытай өз кезегиндеТүштүк-Чыгыш Азияда, Японияда, Индияда жана Пакистанда өз позициясын бекемдейт, ал эми Америка Кошмо Штаттары Түндүк Америка менен Гренландияга көзөмөлдү сактап калат. Ошол эле учурда дүйнөнүн олуттуу бөлүгү – Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш, Африка, Түштүк Америка жана Австралия – үстөмдүк кылуу үчүн жаңы конфликттерге алып келиши мүмкүн болгон таасир зоналарынан тышкары калууда.

Эксперттер 1945-жылдагы Ялта конференциясына окшоштуктарды айтышат, анда дүйнө ири державалар ортосунда бөлүнгөнү маалым. Профессор Стефан Вольф белгилегендей, келечекте Кытай менен АКШ дүйнөлүк картаны кайра чийиши мүмкүн, ал эми Россиянын ролу азырынча белгисиз дешет.

Ал көз карандысыз оюнчу болобу же Пекинге көз каранды болобу деген суроо турат.

Саясат таануучу, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов дүйнө жүзү геосаясий өзгөрүүгө туш келди. Баары туруктуу эмес, бирок бир нерсе туруктуу бойдон калууда. Ал — мындан ары дүйнө мурункудай болбойт деген пикирин билдирди.

«Жер планетасынын аймактарында өлкөлөр өзгөрүп жаткан шарттарга көнүүгө аракет кылып жатышат. АКШнын азыркы администрациясынын аракеттери дүйнөлүк неоколониализм деп аталат. Россиянын иш-аракеттери түшүнүктүү — Америка Кошмо Штаттары менен бирдей негизде глобалдык күн тартибин калыптандырууну каалоосу, бирок башка өлкөлөр менен кызматташа турган принциптери белгисиз бойдон калууда.

Кытай бай жана кедей өлкөлөргө, ири жана чакан экономикаларга бөлүнбөстөн, өз ара пайдалуу кызматташууну сунуш кылган «Адамзат үчүн бирдиктүү келечек коомчулугу» демилгесин көтөрдү.  Ар бир ыкманын өзүнүн колдоочулары жана каршылаштары бар. 

Анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү четте калбайт.Географиялык көз караштан алганда, Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү Евразия континентинин өзөгүн түзөт. Бул өлкөлөр Россия, Кытай, Иран, Түркия, Афганистан жана андан ары Пакистан, Индия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен чектешет.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алдында Борбор Азия чөлкөмүнүн ири мамлекеттерортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу аймакка айлануусуна жол бербөө милдети турат. Бул олуттуу чакырык, анткени Борбор Азия өлкөлөрүндө геосаясий трансформациянын негизги “пионерлери” болгон АКШ, Россия жана Кытай менен ар кандай ой жүгүрткөн жана бири-бирине карама-каршы келген кызматташтык стратегияларын жайылткан адамдардын топтору бар.

Тарыхый тажрыйба көрсөткөндөй, геосаясий туруксуздук учурунда тандалган саясий жана экономикалык курстун туруктуулугуменен пайда болгон жаңы чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүнүн ортосундагы тең салмактуулукту таба алган өлкөлөр жана союздар ийгиликке жетишет. Андыктан бул багытта Борбор Азия өлкөлөрү биргелешип иш алып барууга туура келет. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик чек араларынын айрым участоктору боюнча талаш-тартыштарды чечүү коопсуз жана өнүккөн Борбордук Азияны биргелешип куруу үчүн олуттуу негиз түзөт.

Практикалык чаралардын ичинен Борбор Азиячөлкөмүндө жана коңшу мамлекеттер – Россия, Кытай, Афганистан, Иран, Азербайжан менен чек ара пошлинасы жок соода аймактарын түзүүнү, транзиттик жүктөрдү чекара аркылуу өткөрүүнүн электрондук эл аралык TIR системасын киргизүүнү белгилесе болот. Дүйнөдө кандай гана геосаясий бороон-чапкындар болбосун, соода прогресстин кыймылдаткычы болуп келген, болуп келет жана боло берет, ал эми транспорттук артериялар дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кан тамыры бойдон калууда»,-деди эксперт.

Рубрики: САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>