Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасына макроэкономикалык факторлор таасир этүүдө

Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасына макроэкономикалык факторлор таасир этүүдө

Макроэкономикалык факторлор Кыргызстанда ишкерликтин өнүгүүсүнө жана жумуш орундарынын түзүлүшүнө олуттуу таасирин тийгизип, институционалдык жана саясий чектөөлөрдү ого бетер курчутууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын экономикасына жасаган талдоосуна таянып, «Акчабар» каржы порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башынан бери өлкөнүн экономикасы улуттук кирешенин өсүшүн башынан өткөргөн. 2003-2019-жылдар аралыгында табигый ресурстар экспортунун кеңейиши жана эмгек мигранттарынан түшкөн акча которуулардын көлөмүнүн чоң өсүшүнө байланыштуу реалдуу натыйжалуу алмашуу курсу болжол менен 20% га жогрулаган.

Бирок мындай өсүш кыргыз экспортунун дүйнөлүк базарлардагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, импорттун арзандашына алып келген. Натыйжада өндүрүш түзүмү соодага жатпаган товарларды өндүргөн кызмат көрсөтүү жана курулуш сыяктуу тармактардын пайдасына өзгөргөн.

«Изилдөөгө ылайык, соодага жатпаган товарлардын ИДПдагы үлүшү 2000-жылы 43 пайыз болсо, 2019-жылы 70 пайызга жеткен. Ошондой эле соода тартыштыгы ички дүң өнүмдүн 23 пайыздык пунктуна чейин өскөн. Адистер бул тенденцияны «голланд оорусу» деп аталган көрүнүш менен түшүндүрүшөт. Ал экспортко багытталган динамикалуу тармактардын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн кармап турат», — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>