Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү
16.03.2023 | 14:07
Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык, 10-марттан 16-мартка чейин Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү.
Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өткөрүлөт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом