Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндөБишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алындыКыргызстанда 316 базар жана 93 соода борбору иштейт – УлутстаткомMicrosoft кызматтарындагы глобалдык үзгүлтүк 74 өлкөгө таасир эттиТуман түшүп, түнкүсүн үшүк жүрүп, тоолорго кар жаайт: 14-ноябрга карата аба ырайы
Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү
16.03.2023 | 14:07
Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык, 10-марттан 16-мартка чейин Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү.
Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өткөрүлөт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом