Жеңишбек Токторбаев жаранды сабаганбы? Депутаттын жообу

Жеңишбек Токторбаев жаранды сабаганбы? Депутаттын жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев ал өзүнүн Жалал-Абадда курулуп жаткан мейманканасында иштеген курулушчуну сабаганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Депутат Reporter.kg’ге билдиргендей, ал электрик (курулушчу эмес) болуп иштеген кызматкер менен чырдаша кеткен, бирок кол көтөрүү болгон эмес.

«Кайым айтышып, уруш болгону чын. Бирок айрым ЖМКлар жазганчалык конфликт болуп, кол көтөрүүгө чейин жеткен эмес. Туура, милицияга кайрылгандан кийин өз ара келишип, чечишип алдык», — деди ал.

Эскерте кетсек, 13-мартта жергиликтүү ЖМКлар күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянып, депутаттын Жалал-Абадда курулуп жаткан мейманканасында иштеген жаран Жеңишбек Токторбаевдин үстүнөн милицияга арыз жазып, сабаганы тууралуу билдиргенин жазып чыккан.

Макалада айтылгандай, 9-мартта милицияга 1984-жылы туулган С.С. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, аны Жалал-Абадда курулуп жаткан мейманкананын ээси Жеңишбек Токторбаев сабаган. Арыз жазган жаран ооруканага жаткырылып, ур-токмокко алуу фактысы каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. 13-мартта аталган жаран милицияга тосмо арыз жазган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>