Эдил Байсалов: Кыргызстанда бала асырап алуу жеңилдейт

12.03.2025 | 17:24

Министрлер кабинети Кыргызстанда жетим балдарды асырап алуу жеңилдетүү саясатын баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жетим балдарды асырап алууда эрежелер – абдан катаал. Мындан улам алар бала багып алууну каалап, кезекте турган 600-700 үй-бүлөгө балдарды бере албай жатышат.

“Мисалы, Орусиядан да 3-6 айлык, 1 жашар балдар келет. Багып алам дегендерге бербей, аларды 3-4 жашына чейин кармап атабыз. Жакында президентибиздин чечими менен дебюрократизация боюнча атайын министр Баетов дайындалды. Ошондо дагы биз ушул балдарды тезинен убактылуу фостердик үй-бүлөгө өткөзөбүз. Негизги саясат ошондой болгону турат”,- деп билдирди ал.

 

Scroll to Top