Эгемендик күнү: 15 миңден ашык милиционер коомдук тартипти карайт

Эгемендик күнү: 15 миңден ашык милиционер коомдук тартипти карайт

31-август — Эгемендик күнүнө карата өлкө боюнча 15 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти карайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Бишкекте эле коомдук тартипти кароого 5 миңден ашык кызматкер тартылат.

Андан тышкары, 26-28-август күндөрү өлкө аймагында «Укук тартип» аталышындагы алдын алуу ыкчам иш-чарасы өткөрүлөт. Анын алкагында «Арсенал», «Нелегал», «Селсаяк» аталышындагы рейддер уюштурулат.

30-августта майрамдык даярдыктарга байланыштуу Бишкектин Чынгыз Айтматов проспектинде унаалар үчүн маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Ошондой эле 31-августта Жибек-Жолу, Жусуп Абдрахманов, Манас жана Киев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө унаалар үчүн маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.

“Көрүлүп жаткан чараларды Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору  туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз”, — деп билдер ИИМ.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>