Ташиев: Базардын кожоюндары соодагерлерге шарт түзүп бербесе, алардын мүлкү мамлекетке өтөт
“Эгерде базар ээлери соодагерлерге жакшы шарт түзүп бербесе, соода-сатык комплекстерин мамлекетке алып коебуз”, – деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, 6-декабрда УКМКнын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде.
«Эгерде соодагерлерге жакшы шарт түзбөсө, ижара акысын азайтпаса, эл менен эсептешпесе, базарларды мамлекеттин менчигине кайтарып алууга саясий эркибиз жетет», – деди К.Ташиев.
УКМКнын төрагасы базар ээлеринен салыктарды жана жашырылган каражаттарды чогултууга даяр экенин билдирди.
“Керек болсо базарларда иштегендерге мамлекет контейнерлерди бекер берет. Салык төлөп, иштете бергиле деп айтабыз”, – деди К.Ташиев.
УКМКнын төрагасы базар ээлерине эскертүү берип, соодагерлерге шарт түзүп, ижара акысын арзандатып, жолдорду оңдоп, инфраструктураны жакшыртуу зарылдыгын билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз