Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Эки колу жок төрөлгөн Бейшебай Талантбеков үйлөндү – сүрөт
20.10.2021 | 17:47
Тубаса эки колу жок төрөлгөн Бейшебай Талантбеков үйлөндү. Мындай кубанычтуу кабары менен бөлүшкөнүн “super.kg” жазды.
Интернет жылдызына айланган Бейшебай Талантбеков алты саны аман кызга баш кошту.
“Сиздер менен кубанычтуу жаңылыгымды бөлүшкүм келди. Кудайдын буйругу менен сүйгөн адамыма үйлөндүм. Аты Нурайым, 18 жашта, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунан болот. Экөөбүз 1 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, андан соң баш кошуу чечимин кабыл алдык. Буюрса, үйлөнүү тоюбузга сиздерди дагы чакырабыз. Алты саны аман кызга үйлөнсөм экен деп тилек кылчумун, ошол тилегим орундалды десем болот”, – дейт Талантбеков.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом