20-февралда Бишкек шаарындагы «Мурас-Ордо» жана «Калыс- Ордо» конуштарында суу өчөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, суу саат 9.00дөн 15.00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде болбойт.
Мэрия аталган райондордун суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзмөкчү.
Белгилей кетсек, Бишкектеги ызгардуу суук 22-февралга чейин уланат.