Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
ЖЭБтеги кырсыкка бирөөлөрдү айыптоо али эрте экендиги айтылды
18.02.2024 | 10:00
Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка кимдер күнөөлүү экени мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгынан кийин гана белгилүү болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматтарын таркаткан “Медиа штаб” билдирди.
Ал комиссия болгон кырдаал боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды топтоонун үстүндө иштеп жатканын белгилейт.
Минкаб текшерүүнүн корутундусу чыкканча бирөөлөрдү күнөөлө эрте экенин айтат.
“Мекемелер аралык комиссиясынын иши өлкөнүн жетекчилигинин контролунда турат, жыйынтыгы сөзсүз жарыяланат”, – дейт “Медиа штаб”.
Белгилей кетсек, ЖЭБдин ички комиссиясынын өкүлү Таалайбек Алыкулов 3-февралдагы аварияга жоопту техникалык кызматкерлерге төңкөрүү аракети көрүлүп жатканын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом