Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кзматы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен беши Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө 1920 адам (1479 — чоңдор жана 441 — балдар), алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Ошондой эле, бир жарлык Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу боюнча 205 адам (анын ичинен 187 — чоңдор, 18 — балдар).Бардыгы болуп 2125 адамдан (1666 — чоңдор жана 459 — балдар) арыз түшкөн.
Тизмени бул шилтемеден көрсөңүз болот.
Телеграм каналыбызга катталыңыз