Депутаттын демилгеси менен Баткенде көмүр таратылууда

Депутаттын демилгеси менен Баткенде көмүр таратылууда

Депутат Чыңгыз Ажибаевдин демилгеси менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга көмүр таратылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге 2022 — жылдын сентябрь айындагы Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарында болуп өткөн каргашалуу окуялардан улам үйлөрү өрттөлүп, тонолуп, убактылуу Чүй облусунун ар кайсы райондорунда жана Бишкек шаарында аргасыздан күн кечирип келе жаткан үй — бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылуу жөнүндө маселени көтөрүп, көмөк көрсөтүүнү демилгелеп, тиешелүү кат жолдогон.

Депутаттын демилгеси менен  азыркы учурда ар бир үй — бүлөгө 1 тоннадан көмүр таратылып жатат.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: көмүр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>