Бишкекте жылынуу пунктарында канча киши жылынганы айтылды

Бишкекте жылынуу пунктарында канча киши жылынганы айтылды

Борбор калаанын жылына турчу жайлар ачылган күндөн тартып Свердлов районунун аймагында жайгашкан пункттарга 2783 адам кайрылган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь районунун жылуулук түйүндөрүнө 1104 адам кайрылган. Ленин районунун жылуулук пункттарына 1706 адам кайрылган. Биринчи Май районунун жылуулук түйүндөрүнө 701 адам кайрылган.

Эске салсак, борбордо 12 чатыр тигилген. Анда ӨКМнин  кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. Тургундар шаар боюнча орнотулган жылуулук түйүндөрүнө кайрылууну улантышууда.

Даректери:

— Раззакова жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде;

— №5 кичи райондо 1/1 үйдүн жанында, Юнусалиева менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде;

— №12 кичирайондо, Маданият үйүнүн жанында;

— Тунгуч кичи районунда, Глобус супермаркетинин жанында;

— «Октябрь» кинотеатрынын жанында (батыш тарабы);

— «Манас» кинотеатрынын жанында;

— Чүй проспектиси № 315 дареги боюнча Ленин акимиатынын түштүк-батыш тарабы;

— Восток-5 кичи районундагы кичи арбат аялдамасында;

— Бельская көчөсүндөгү «Красная строитель» конушунун паркында (№4 автобустун токтой турчу жайы);

— Ошондой эле Дордой базарындагы Чыгыш автобекетинин жана Азия соода үйүнүн ичинде.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>