Чукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтСобянин мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болуудаБакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолуктуБишкекте Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй жалындап күйүүдөБишкекте мас айдоочу мушташып, андан соң элди бычак менен коркуттуБакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна барды
Эки таксист кезек талашып, уруша кеткен. Бирөөсү ооруканага түштү
15.02.2024 | 14:32
Чүй облусунун Панфилов районунда такси айдоочуларынын чырынын натыйжасында бир адам бычактан жараат алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 14-февралда болгон. Такси айдап иштеген 36 жаштагы эки айдоочу (Б.М. жана С.М.) кезек талашып, уруша кеткен. Экөө ортодогу чырды чечишүү үчүн айыл четинде жолуга турган болуп, ал жактан С.М. аттуу жаран берки айдоочуга бир нече жолу бычак сайган. Жаарат алган адам ооруканага жаткырылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесине (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө уланууда.