УКМК эскертет: криминалга «отметка» кылгандар жоопко тартылат

УКМК эскертет: криминалга «отметка» кылгандар жоопко тартылат

Криминалдык топтор менен байланышта болуп, чогуу бизнес жүргүзгөндөр жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет эскертти.

Уюшкан топторго эми ай сайын «отметка» берүүгө дагы болбойт. Ал үчүн ишкер өзү жоопко тартылып калышы ыктымал.

«Эгер кокус эле бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын кожоюндарынан криминалдар «отметка» сурап келе турган болсо, анда дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп тамыры менен жок кылабыз! Мындан ары Кыргызстанда криминалдык топ деген түшүнүк болбойт», — дейт УКМК.

Мындай учурда төмөнкү номурларга кайрылуу сунушталат:

КР УКМК 0312 – 66 – 04 – 75; 62 – 65 – 04.

УКМКнын аймактык башкармалыктары:

• Чуй облусу — (0312) 54-07-19;
• Джалал-Абад облусу — (03722) 5-60-49;
• Ош облусу: — (03222) 2-30-78;
• Ысык-Көл облусу — (03922) 5-11-80;
• Талас облусу — (03422) 5-20-43;
• Нарын облусу — (03522) 5-08-49;
• Баткен облусу — (03622) 5-00-33.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>