Окуучулар дагы класстан класска көчкөндө кыргыз тилинен сынак тапшырат

Окуучулар дагы класстан класска көчкөндө кыргыз тилинен сынак тапшырат

Мектеп окуучулары класстан класска көчкөндө мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Ал бүтүрүүчүлөр гана эмес, мектеп окуучулары дагы кыргыз тилинен билимин таксыкташы керектигин белгилейт.

«Азыр бүтүрүүчүлөр сынак тапшырат экен деп жатабыз. Бирок биз былтыры кабыл алган мыйзам боюнча мектеп окуучулары дагы класстан класска көчкөндө кыргыз тилинен сынактан өтөт. Башка тилде билим алган окуучулар кантерин билбейм», — дейт Дастан Бекешев.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев  Reporter.kg’ге  депутаттын сөзүн ырастады.

«Бекешев туура айтат. Бул боюнча мыйзамдын 17-беренесинин 3-пунктунда жазылган», — дейт ал.

Бүтүрүүчүлөр менен окуучулар үчүн сынакты Билим берүү жана илим министрлиги уюштурат.

ЖОЖго тапшыра тургандар кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттендирилди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>