Экология министри Кызыл-Омполду иштетүүдөн канча киреше түшөрүн айтты (видео)

Экология министри Кызыл-Омполду иштетүүдөн канча киреше түшөрүн айтты (видео)

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүдөн Кыргызстанга канча пайда түшөрү тууралуу маалымат берди.

Бүгүн, 27-майда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Тургунбаевдин айтымында, уран менен торийди казып алууга тыюу салуу менен аталган эки кен менен бир жерде жайгашкан башка кендерди казууга бөгөт коюлган. Мындан улам башка кендерди казып алуу үчүн уран жана торий кендерин иштетүүгө салынган мораторийди алып салуу керек болууда.

Талкуу учурунда депутат Айбек Алтынбеков Кызыл-Омполду иштетүүдөн мамлекет канча пайда табары тууралуу суроо узатты.

Министр билдиргендей, Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштетет. Ал жерде уран жана торийге караганда титаномагнетиттин кору көп болгондуктан, мамлекет аталган кенди казып алууну көздөп жатат.

«Кызыл-Омполдо титаномагнеттин кору абдан көп. Бүгүнкү күнү ага суроо-талап өсүп жаткандыктан, аны биз өз күчүбүз менен мамлекеттик компаниялар аркылуу иштетели деп ниеттенип жатабыз. Эгер Кызыл-Омпол кени иштеп калса, 1 миңден кем эмес жумушчу орун түзүлөт. Кенди иштетүүнү төрт баскычка бөлүп жатабыз. Биринчи этапта эле мамлекеттин бюджетине салык жана салык эмес түрүндө кошумча 150 млн доллар түшөт деген эсептөөлөрүбүз бар», — деди Тургунбаев.

Суроо-жооптон кийин комитет аталган мыйзам долбооруне биринчи окууда колдоду.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>