Экология министри: Уран рак оорусуна алып келет деген илимий далилдер жок (видео)

Экология министри: Уран рак оорусуна алып келет деген илимий далилдер жок (видео)

Урандын айынан онкологиялык оорулар пайда болот деген илимий далилдер жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев билдирди.

Бүгүн, 28-майда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде Кыргызстандагы уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору боюнча экология министри Тургунбаев баяндама жасап, 2019-жылы уран менен торийди иштетүүгө тыюу салынгандыктан, алар менен бир жайгашкан башка кендерди чалгындоого, казып алууга тоскоолдук жаралып жатканын билдирди. Ал Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омполду мисалы катары келтирип, ал жакта титаномагнетиттин кору абдан көп экенин, бирок аз өлчөмдө уран жана торий да болгондуктан, аталган кенди казып алууга мүмкүн болбой жатканын айтты. Ал ишендиргендей, учурда мамлекетти Кызыл-Омполдогу титаномагнетит кызыктырууда. Аталган кендин бир тилкесинде анын 1,5 млн тоннадай запасы бар. Жалпы Кызыл-Омполдо 20 млн тоннадай деп болжолдонууда.

Талкуу учурунда депутат Айсулуу Мамашова Кыргызстанда рак илдетине чалдыккандар көп экенин, ал өлкөдө жайылган оорулардын ичинен экинчи орунда турарын айтты. Мамашова белгилегендей, уран калдыктарын сактоочу жайлар жайгашкан Майлуу-Сууда жана башка аймактарда онкологиялык илдетке чалдыккандар көп.

Министр депутаттын сөзүнө жооп кылып, уран рак оорусуна алып келет деген илимий далилдер жок экенин билдирди.

«Мен адис эмесмин, бирок учурда урандын айынан онкологиялык оорулар пайда болду деген илимий далилдер жок. Жер алдында жаткан уран кенинин ден соолукка зыяны жок. Байытылган уран ден соолукка зыян болот. Биздеги уран — ал табигый уран. Анын «ден соолукка зыян жок» деген Саламаттык сактоо министрлигинин корутундусу бар», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>