Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт
11.10.2025 | 11:00
Бооом капчыгайында беш күн бою таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Иштер Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында 13–17-октябрь күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Коопсуздукту камсыздоо максатында жол кыймылы ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан убактылуу жарым-жартылай жабылат. Унаалар бир тилке аркылуу өткөрүлөт.
Эгерде 30–40тан ашык унаа топтолсо, таштарды түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, унаалардын өткөрүлүшү камсыздалат.
Ишкана бул иштер таш кулоолорду алдын алуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом