Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
10.10.2025 | 20:44

Бишкек шаардык транспорту муниципалдык ишканасында автобус айдоочулары менен жолугушуу болуп, анда акыркы үч айдагы ишмердүүлүк боюнча отчет угулганын муниципалитет кабарлады.
Жолугушууда айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.
Айдоочуларга жол кыймылынын негизги эрежелерин сактоо, аялдамаларда туура токтоо жана жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылуу зарылдыгы эскертилип, буга байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, эрежелерди бузуу учурлары талданды жана мындай көрүнүштөрдү алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом