Экономика министрлиги: Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясы кайрадан өткөрүлбөйт

17.01.2026 | 11:10

Экономика жана коммерция министрлиги чет элдик номурлуу унааларды жеңилдетилген шартта мыйзамдаштыруу кампаниясы кайрадан өткөрүлбөй турганын билдирди.

Министрлик коомчулукта мындай чара кайра башталышы мүмкүн деген маалымат тарап жатканын билдирип, расмий түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, президенттин жарлыгы менен 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин жүргүзүлгөн мындай кампания бир жолу гана берилген мүмкүнчүлүк болгон. Бул убакыт аралыгында 30 миңден ашык чет элдик номурлуу унаалар мыйзамдаштырылган.

Эмне үчүн кайрадан мыйзамдаштыруу болбойт?

Министрлик мыйзамды так сактаган жарандар менен мыйзамды бузгандардын ортосундагы теңсиздикти өзгөчө белгиледи:

  1. Мыйзамга баш ийип, унааны расмий ташып келген жарандар бажы төлөмдөрү үчүн орточо 1 800 доллан, ал эми баштапкы каттоо үчүн дагы 400 доллардын тегерегинде каражат төлөшөт. Ал эми “боз схемалар” менен алып келинген унааларга мындай төлөмдөр төлөнбөй келген.
  2. «Боз схема» менен унаа киргизип, бажы төлөмүнөн качкандарга кайра-кайра жеңилдик берүү мыйзамды сактаган жарандарга карата адилетсиздик болуп саналат.

Мамлекеттик органдар «бардык жарандар мыйзам алдында бирдей» деген принципти карманарын жана мыйзам бузуучуларга жол ачкан кампаниялар пландалбаганын эскертти.

Учурда унааны кантип каттоого болот?

ЕАЭБ өлкөлөрүндө (Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения) каттоосу бар унаа ээлери үчүн бир гана мыйзамдуу жол бар:

  • Унааны катталган өлкөсүнөн (мисалы, Орусиядан) эсептен чыгаруу керек;
  • Андан соң Кыргызстандын каттоо органдарына келип, жалпы тартипте, бардык төлөмдөрдү төлөө менен, эсепке коюу зарыл.

Оң рулдуу унааларга тыюу күчүндө

Министрлик Кыргызстанда рулу оң тарапта жайгашкан автоунааларды каттоого салынган тыюу өзгөрүүсүз каларын жана аларга эч кандай жеңилдик берилбей турганын кошумчалады.

Scroll to Top