Бир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөнКыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт2027-жылдан тарта илимий даражаларга үстөк акы эки эсе көбөйөтСадыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, аймактын өнүгүшү боюнча баяндамаларды угатAsman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди22-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Кар жаайт: 17-январга карата аба ырайы
17.01.2026 | 10:00

Бүгүн, 17-январда, өлкө аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Унаа жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10°C, күндүз -1…-6°C;
- Талас облусунда түнкүсүн -7…-9°C, күндүз -4…-6°C;
- Ош облусунда түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 0…2°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 0…2°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн -3…-5°C, күндүз -1…1°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8°C, күндүз 0…-2°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -22…-24°C, күндүз -13…-17°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°C, күндүз -4…-6°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом