Экотехинспекция мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады

Экотехинспекция мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады

Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуп жатканкөп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады.

Мыйзамга ылайык курулуш шаар куруу-архитектуралык корутундусуз жүргүзүлбөшү керек.  Бүгүнкү күндө төмөнкү физикалык жана юридикалык жактардан бир катар мыйзам бузулар аныкталды.

  1. Юнусалиев кѳчѳсү 139, «Имарат Прогресс» ЖЧК, 12-кабат, сотто каралууда.
  2. Поваринская кѳчѳсү 36 «Аалам Строй» ЖЧК, 10-кабат Ленин райондук сотунда каралууда.
  3. Т. Фрунзе кѳчѳсү 25, Курманжанова Э.Р.     «Альянс Курулуш» ЖЧК, 4-кабат, Ленин райондук сотунда каралууда;
  4. Сыдыгалы кѳчѳсү – Актан кѳчѳсү, Кадыров А, «Альянс Курулуш» ЖЧК 9-кабат Ленин райондук сотунда каралууда;
  5. Гагарина кѳчѳсү 242 «Алтын Ырыскы» ЖЧК, 9-кабат, Ленин райондук сотунда каралууда;
  6. Ажибек-Баатыр кѳчѳсү 1/1, «Альянс Курулуш» ЖЧК, 9-кабат Октябрь райондук сотунда каралууда.

Мамэкотехинспекция тарабынан жогорудагы объектилердин инженерлик түтүктѳрдѳн ѳчүрүү чаралары кѳрүлүп, тиешелүү мекемелерге жогоруда айтылган уюмдардын лицензияларын жокко чыгаруу боюнча кайрылуулар жѳнѳтүлгөн.

Эскертүү! Бишкек шаарынын аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алуунун алдында, курулган объектинин мыйзамдуулугу жѳнүндѳ маалымат алуу үчүн Сүйүмбаев кѳчѳсү, 16А дарегинде жайгашкан Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондор аралык башкармалыгына кайрылуу керрек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>