Эксперимент үчүн 40 күн ачкачылык жарыялаган блогер каза болду

Эксперимент үчүн 40 күн ачкачылык жарыялаган блогер каза болду

Абхазияда 40 жаштагы орусиялык болгер каза болду. Ал эксперимент жүргүзүү үчүн 40 күн ачкачылык жарыялаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, ал өзүн 40 күн тамаксыз, суусуз сынап көрүүнү көптөн бери пландап жүргөнүн ютуб баракчасына жарыялаган.

Выграновский март айында Москвада жүрүп ачкачылык жарыялаган. Бирок ал онунчу күнү шаардын абасы жакпагандан улам, Абхазияга көчүп кеткен. Жыйырманчы күнү блогер толугу менен тазаланууну сезген, анын массасы кескин өзгөрүп, булчуңдары өзгөргөнү байкалган. Блогер ачкалыктан улам күчү басууга гана жетип калган. Кийин дене табы көтөрүлүп, 35 күн дегенде өлүп бара жаткан абалды сезген, бирок анда да токтоткон эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>