Ормуз кысыгында танкерлердин каттамы 90%дан ашык азайдыКыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн энергетиктерди даярдоо борборун түзөтОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн өзгөртүү боюнча макулдаштыБишкектеги Азия чемпионаты: Кыргызстандын төрт балбаны жарым финалга чыкты2026-жылдын январында Кыргызстандан нан жана нан азыктарынын экспорту 17%га өстүАкысыз кино көрсөтүүлөр: Бишкекте Франкофондук тасмалар фестивалы башталат
“Эл нааразы болгондор бар”. Өкмөттүн курамын бекитүүдө ар бир талапкерге өзүнчө добуш берилет
10.01.2024 | 11:00
Жогорку Кеңеш эми Министрлер кабинетинин курамын бекитүүдө ар бир талапкерге өзүнчө добуш берет. Парламент “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду.
Анын демилгечиси депутат Дастан Жумабековдун айтымында, талапкерлердин арасында коомдо терс пикир айтылгандар болушу ыктымал.
“Биз жалпы курамга бир добуш берип жатабыз. Арасында кызматка татыксыздар өтүп кетиши мүмкүн. Эл арасында нааразычылык туудургандар, терс ой-пикир жараткандар дагы болот. Ошондуктан ар бир талапкерге өзүнчө добуш бериш керек”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом