Бишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалдыКыргызстанда 2025-жылы соода жүгүртүү 2,2 триллион сомдон ашты
“Эл нааразы болгондор бар”. Өкмөттүн курамын бекитүүдө ар бир талапкерге өзүнчө добуш берилет
10.01.2024 | 11:00
Жогорку Кеңеш эми Министрлер кабинетинин курамын бекитүүдө ар бир талапкерге өзүнчө добуш берет. Парламент “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду.
Анын демилгечиси депутат Дастан Жумабековдун айтымында, талапкерлердин арасында коомдо терс пикир айтылгандар болушу ыктымал.
“Биз жалпы курамга бир добуш берип жатабыз. Арасында кызматка татыксыздар өтүп кетиши мүмкүн. Эл арасында нааразычылык туудургандар, терс ой-пикир жараткандар дагы болот. Ошондуктан ар бир талапкерге өзүнчө добуш бериш керек”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом