Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев балдардын өлүмүн маркум аялга оодарууда

Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев балдардын өлүмүн маркум аялга оодарууда

Бүгүн, 10-январда Бишкек шаардык сотунда Алтынай Канзаманова менен анын уул-кызын өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевдин жактоочусунун апелляциялык арызы карала баштады.

Процессте соттолуучу Чынтемир Ашыралиев көрсөтмө берди.

Ашыралиев өзүнүн жактоочусунун “балдарды сиз өлтүрүшүңүз мүмкүн беле?” деген суроосуна жообунда балдарды өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин айтты. Ошол эле учурда ал окуя так эсинде жоктугун (эсинен чыгып кеткенин) билдирди.

Андан кийин Ашыралиев окуя күнү Канзаманова кызын урушуп, бычак менен кол салууга аракет кылганын, ал экөөнү ажыратканын айтып, Канзаманова балдарын «өлтүрөм» деп коркутканын билдирди. Балким Канзаманова балдарды өлтүргөндөн кийин ал өзүн кармай албай калып, аялды өлтүрүүгө барганын болжолдоду.

Соттун суроосуна жооп берип жатып күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна аларын, ал күнү туура эмес жерде туура эмес убакта болуп калганын билдирди.

Сот “туура эмес жерде туура эмес убакта болуу” кылмыш жообуна тарта турган иш эмес экенин белгиледи.

Соттун айтканынан кийин Ашыралиев сөзүн оңдоп, каргашалуу окуя болгондон кийин эч кимге кабарлабай кылмыш жеринен кетип калганы үчүн өзүн жарым-жартылай күнөөлүү сезерин айтты.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда Алтынай Канзаманова жана анын 2005-жылы туулган кызы менен 2014-жылы туулган баласы киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып, 3-ноябрда сот Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Соттук отурумда Ашыралиев маркумдардын туугандарынан жана элден кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Ашыралиевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>