Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү

Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү

Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз эл артисти маркум Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи өттү. Аземге мамлекеттик кызматкерлер, өнөр адамдары, акындын жакындары жана күйөрмандары катышты.

Иш-чарада Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат айым китеп 1000 нуска менен чыкканын айтты.

«Аманат» аттуу ырлар жыйнагынан сырткары «Ак таңдагы ак бата» деген китепти да чыгардык, ал дагы 1000 нуска менен чыкты. Бул китепте Элмирбектин эртең мененки баталарын камтыйт. Анын таңы телефонду алып, жакындарына таңкы бата жөнөтүү менен башталчу. Бул баталарды биз элден чогулттук. Кыргызда бата сатылбайт эмеспи, ошондуктан ал биринчи китепти сатып алгандарга экинчи китеп белек катары кошулуп берилет», — деп билдирди маркумдун жубайы.

Акындын жубайы жолдошу «учурдун талабына ылайык кичинекей китеп чыгарам дегенин эске алып, аманатты аткардык» деди.

Белгилей кетсек, Элмирбек Иманалиев ушул жылдын 21-апрель күнү 42 жаш курагында дүйнө салган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>