Жергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атадыӨзбекстан импорттоочулардын массалык дооматтарынан улам жашылча экспортун көзөмөлдөө тутумун өзгөртүүдөТрамп Ирандагы аскердик операциядан улам Си Цзиньпин менен жолугушууну бир айга жылдырууну сурандыБаткенде эркек киши мурдагы жубайынын үйүнөн уурулук кылууга шектелип кармалды
Эми сырттан келгендерден ПЦР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт
09.08.2020 | 14:58
Кыргызстандын аэропортуна учуп келген жарандар үчүн алгоритм өзгөртүлдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандарда катталган учурлар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, алар үчүн алгоритм өзгөргөн.
Жарандардан учуп келгенден кийин ПЦР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт. Аларга анкета толтурулуп, мобилдик тиркеме көчүрүлөт жана үйүнө жиберилет.
Эгерде КДВО жана грипптин белгилери пайда болсо, жашаган жерине караган медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылуу зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом