Япония Кыргызстанга жол техникасы үчүн 4 миллион долларга жакын каражат бөлөтКыргызстандын китептери бир онлайн-платформага топтолду — толук маалыматБишкекте 16-августта ДКӨнүн ачылышынын репетициясына байланыштуу үч көчө жабылат«Манас» аэропорту ШКУ саммити жана ДКО учурунда иштөө режимин өзгөртөт — кенен маалымат«Жашоо чындыгын тосуп жатышат»: бишкектиктер ШКУга даярдыктын көмүскө тарабын көрсөтүштү — видео«Кыргызкөмүр» жылытуу мезгилинин алдында калкка көмүр сата баштады — базалардын даректери
Эми сырттан келгендерден ПЦР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт
09.08.2020 | 14:58
Кыргызстандын аэропортуна учуп келген жарандар үчүн алгоритм өзгөртүлдү. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандарда катталган учурлар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, алар үчүн алгоритм өзгөргөн.
Жарандардан учуп келгенден кийин ПЦР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт. Аларга анкета толтурулуп, мобилдик тиркеме көчүрүлөт жана үйүнө жиберилет.
Эгерде КДВО жана грипптин белгилери пайда болсо, жашаган жерине караган медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылуу зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом