Эми заводдор сүттү майлуулугуна жараша коюлган баада сатып алышат

Эми заводдор сүттү майлуулугуна жараша коюлган баада сатып алышат

Айыл чарба министрлиги сүттү кайра иштеткен ишканалар фермерлерден сүттү анын майлуулугуна жараша бекитилген баада сатып алышы керек экендигин билдирди.

Маалыматта айтылгандай, учурда өлкөнүн бардык аймактарында ишканалардын алдында сүттүн майлуулугуна жараша министрлик тарабынан бекитилген баа боюнча атайын баннерлер илинип жатат.

«Эгерде фермер менен завод ортосунда сүттүн майлуулугу боюнча пикир келишпестик жаралса Ветеринардык кызматтын лабораторияларына кайрылса болот. Ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, корутундуда сүттүн майлуулугу канча болсо, завод фермерден сүттү белгилеген тарифтик баада кабыл алат. Аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөт»,- деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>