Кыргызстандын китептери бир онлайн-платформага топтолду — толук маалыматБишкекте 16-августта ДКӨнүн ачылышынын репетициясына байланыштуу үч көчө жабылат«Манас» аэропорту ШКУ саммити жана ДКО учурунда иштөө режимин өзгөртөт — кенен маалымат«Жашоо чындыгын тосуп жатышат»: бишкектиктер ШКУга даярдыктын көмүскө тарабын көрсөтүштү — видео«Кыргызкөмүр» жылытуу мезгилинин алдында калкка көмүр сата баштады — базалардын даректериКР Саламаттык сактоо министри инфаркт алган 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берди
Эми заводдор сүттү майлуулугуна жараша коюлган баада сатып алышат
21.04.2025 | 14:17
Айыл чарба министрлиги сүттү кайра иштеткен ишканалар фермерлерден сүттү анын майлуулугуна жараша бекитилген баада сатып алышы керек экендигин билдирди.
Маалыматта айтылгандай, учурда өлкөнүн бардык аймактарында ишканалардын алдында сүттүн майлуулугуна жараша министрлик тарабынан бекитилген баа боюнча атайын баннерлер илинип жатат.
“Эгерде фермер менен завод ортосунда сүттүн майлуулугу боюнча пикир келишпестик жаралса Ветеринардык кызматтын лабораторияларына кайрылса болот. Ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, корутундуда сүттүн майлуулугу канча болсо, завод фермерден сүттү белгилеген тарифтик баада кабыл алат. Аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөт”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом