Келечекке клик: MBANK менен MJunior каржы стратегдеринин муунун кантип тарбиялоодоЧет элдик инвесторлор Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курууну пландоодо. Инвестициянын көлөмү – 25 млн долларЭдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстан бала бакчаларды өнүктүрүүгө 6,36 млн доллар кредит жана грант алат. ЖК макулдашууну 1-окууда кабыл алдыКумтөрдүн отчету эл аралык аудит тарабынан тастыкталдыАлмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп кайрадан дайындалды
Эрали Аскарбек уулу жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду
13.11.2023 | 09:04
Кыргызстандык жиу-житсу боюнча спортчу Эрали Аскарбек уулу Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 62 кг чейинки салмакта күч сынашкан. Ал жалпы беш беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңишке жеткен. Финалдык кармашта россиялык балбанды жеңип, алтын медалдын ээси болгон.
Эскерте кетсек, жиу-житсу боюнча 15-Дүйнө чемпионаты 5-10-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп, ага 127 өлкөдөн келген 7 миң спортчу катышкан.