Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өкмөттө бир эле аял министр калганын сындады. Бул тууралуу парламенттин 30-январдагы жыйынында билдирди.
Жыйында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып, аны 79 депутат колдогон. Буга чейин аталган кызматты аял киши — Нурия Кутнаева ээлеп келгендиктен, депутат Камила Талиева аял министрлер кызматтан алынып жатканын сындап, гендердик баланс сакталбай жатканын айтты.
«Чынында парламент нотариуска айланып калдык. Эмне үчүн өкмөттөн аял кишилер бачым кетип жатат. Жылдыз Полотова Социалдык өнүртүрүү министрлигинен жүйөсүз, себеби жок алынган. Эми Нурия айым алынды. Себебин билишибиз керек. Иштей албай койдубу?», — деп суроо салды ал.
Ал буга чейин министрлер кабинетине өкмөттө аялдар аз калганын, министр кызматына аялдарды көбүрөөк алып келиш керектигин айтканын белгиледи.
«Анда билим берүү министрин (Догдургүл Кендирбаева — ред.) да кетирип койгула. Аны да кетирип, жаңы Ак үйүнө «эркектердин өкмөтү» деп жазып алгыла. Андай болбойт да. Аял кишилерди кызматтан тынымсыз алып жатасыңар», — деди Талиева.