ӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүнПрезидент Ирандагы элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоону тапшырды24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайтЫсык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталды
Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунун коло байгесин жеңди
13.10.2025 | 11:40

Кыргыз спортчусу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунун коло медалынын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдеш Испаниянын Малага шаарында өтүп, анда 300дөн ашуун мыкты дзюдочу күч сынашты. Кыргызстандык спортчулар арасынан өлкө намысын Эрлан Шеров (90 кг чейин) жана Эрбол Абасбеков (66 кг чейин) коргоду.
Эрлан Шеров бир нече ийгиликтүү кармаш өткөрүп, жыйынтыгында коло байгеге татыды.
Бул жетишкендик кыргыз дзюдосунун эл аралык аренадагы ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын дагы бир жолу көрсөттү.