Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
“Эрмен жыты” тасмасы үч эл аралык фестивалга катышат
29.03.2023 | 11:02
Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” тасмасы Германия, АКШ жана Бразилияда өтө турган эл аралык кинофестивалдарга катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалым болгондондой, аталган тасма 3-23-апрелде MOSTRA LIVRE DE CINEMA (Бразилия), 12-16-апрелде Бремендеги (Германия) жана 13-17-апрелде Миннеаполистеги (АКШ) эл аралык кинофестивалдарга катышат.
Эскерте кетсек, «Эрмен жыты» тасмасы Кинематография департаментинин, Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен Central Asia Film студиясы тарабынан тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз