Кыргызстандык самбочулар дүйнө кубогунан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык самбочулар дүйнө кубогунан байгелүү кайтышты

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Москва шаарында (Орусия) өткөн “Самбонун негиздөөчүлөрүнүнө арналган” дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Спорттук самбо боюнча (эркектер арасында):

1 орун — Жамалбек Асылбек уулу (88 кг);

3 орун – Кайрат Жусуп уулу (58 кг).

Күжүрмөн самбо боюнча (эркектер арасында):

2 орун — Бектур Идирисов (88 кг);

3 орун – Даниэль Асеков (58 кг);

3 орун – Бекназар Жээмырзаев (98 кг);

3-орун — Шахиер Идирисов (98 кг);

3-орун — Талас Нуралиев (+98 кг).

Спорттук самбо боюнча (кыз-келиндер арасында)

3 орун – Канышай Аманкулова (50 кг)

Эскерте кетсек, “Самбонун негиздөөчүлөрүнө арналган” дүйнө кубогу 24-27- март күндөрү Москва шаарында (Орусия) өтүп, ага 10 өлкөдөн келген спортчулар катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>