Дэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстү
Балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи
28.12.2023 | 19:31
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев UWW уюму 2023-жылдын дүйнөлүк рейтингинде 2-орунду ээледи.
Эркин күрөш боюнча 70 килограммга чейинки категориядагы рейтингде кыргызстандык балбан 51 миң 200 упай топтогон.
Акыркы рейтинг Дүйнөлүк чемпионаттардагы, Континенталдык чемпионаттардагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле төрт UWW рейтингдик турнириндеги көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлдү.
2023-жылы Акматалиев Египетте өткөн рейтингдик турнирде жеңишке жетип, Бишкектеги рейтингдик турнирде да коло байгеге ээ болгон. Сербияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт