Кыргызстандык оор атлетчилер эл аралык мелдеште 17 медаль жеңишти

Кыргызстандык оор атлетчилер эл аралык мелдеште 17 медаль жеңишти

Кыргызстандын оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Көкшетау шаарында (Казакстан) өткөн В.Ю.Пактын жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште 17 медаль (10 алтын, 5 күмүш, 2 коло) жеңишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Мелдеш 18-25-декабрь күндөрү өттү.

Алтын медалдын ээлери:

— 55 кг Арсен Өмүржанов (өспүрүмдөр арасында);

— 67 кг Талант Туратбеков (жаштар арасында);

— 73 кг Нурчолпон Нурланбек уулу (жаштар арасында);

— 81 кг Азамат Жайлообек уулу (өспүрүмдөр арасында);

— 81 кг Дилмурад Кубанахун уулу (чондор арасында);

— 89 кг Айтегин Жолдошкулов (өспүрүмдөр арасында);

— 89 кг Рыскелди Алишеров (жаштар арасында);

— +102 кг Элдар Төлөмүшов (өспүрүмдөр арасында);

— 67 кг Аскат Канатбеков (өспүрүмдөр арасында);

— 61 кг Эрбол Сарпашев (өспүрүмдөр арасында);

Күмүш медалдын ээлери:

— 89 кг Арслан Молдодосов (кичи өспүрүмдөр);

— 55 кг Мухамемед Миназаров (өспүрүмдөр);

— 59 кг Айдай Курбанбек кызы (жаштар арасында);

— 89 кг Тургунбек Шаршеев (жаштар арасында);

— 49 кг Арсен Шарипов.

Коло медалдын ээлери:

— 67 кг Хамза Самидинов (өспүрүмдөр арасында);

— 55 кг Турдубек Калыбеков (өспүмдөр арасында).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>