Эртең бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу болбойт

Эртең бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу болбойт

Эртең, 24апрелде, Бишкектин айрым бөлүктөрүндө таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең төмөнкү аймакта суу эртең мененки саат 9:00дөн 20:00гө чейин жок болот. Анда бир чети Фрунзе, бир чети Күрөңкеев, бир тарабы Абдрахманов жана Жаш Гвардия гүлбагы менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Суу менен камсыздоого байланыштуу кандай суроо болбосун шаар бийлиги  төмөндөгү номерлерге чалып маалымат алса болорун эскертет:

ТЕЛ:

1533

1840

1850

WhatsApp: 0554 182-185.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>