Эртең Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу токтойт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу токтойт

Эртең, 3-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү таза суу берүү чектөөгө алынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыш мезгилине карата оңдоо иштерине байланыштуу,  саат 9:00дөн 17:00 гө чейин Абдрахманов көчөсү 130, Тыныстанов көчөсү 60, 62, 64, Эркиндик бульвары 3, 5, 7, Түгөлбай-Ата көчөсү 69 даректериндеги турак үйлөрдө таза суу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>