Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайт
Эртең Бишкекте спорт фестивалы өтөт
24.06.2022 | 17:40
Эртең, 25-июнда Бишкек шаарындагы «Адинай» паркында Эл аралык олимпиада күнүнө арналган спорт фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага олимпиадалык спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудовдун катышуусу күтүлүүдө.
Программанын алкагында стол үстүндөгү теннис, текбол, балдар атлетикасы, кичи футбол боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Иш-чарага шаар тургундары катыша алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом